ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда өмүр бою педагогикалык кесипти аркалаган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери Абдимиталип Бакиров менен Абдыманап Мамасейитовдун катышуусунда «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин студенттерине «Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмүн ачууда, жаратман эмгекти сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу» деген темада дилмаек өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришип, соңунда жыйынтык чыгарып жатып А.Бакиров: «Биздин жолубузду уланта турган педагогдук кесипти чын дилден сүйгөн билимдүү, изденгич, күжүрмөн жаштардын өсүп жатканын көрүп, биздин эмгек текке кетпептир. Мугалимдик кесипти улантуучу жаштар бар экен, эстафета ишенимдүү колдо экен, биз ыраазыбыз силерге...», - деп айтса, А.Мамасейитов: «Мугалим болгула. Чыныгы мугалимдин жүрөгү кенен, адамдык сапаттары бийик, жан дүйнөсү океандай кенен болот...», - деди.