10:01 23 апреля 2021

ЫМУда жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы онлайн форматта уюштурулду

Автор: ЫМУ

2021-жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Илим – ийне менен кудук казгандай» аталышындагы жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы онлайн форматта болуп өттү.

Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, И.Арабаев атындагы КМУ, БатМУ, КПИ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимпоздору жана магистратура, аспирантура программаларында билим алып жаткан жаш окумуштуулар катышты.  

Конференцияны ЫМУнун ректору А.Иманбаев ачып, магистранттар менен аспиранттарга илим жолуна алган сапарлары байсалдуу болуп, чыгармачылыкта жигердүү жетишкендиктерди багынтарына ишенимин билдирди.

Ал эми пленардык отурумда «Математиканы кесипке багыттуу окутуу» темасында профессор Ш.Алиев, «Жаш изденүүчүлөрдүн илимий жана илимий усулдук изилдөө иштерин уюштуруусу» темасында профессор М.Тайиров, «Идентификатор DOI (РИНЦ, индекс ХИРША, Scopus) азыркы учурдун талаптары боюнча» темасында доцент Б.Биймурсаева, «Болочоктогу математика мугалимдерин кесиптик даярдоону окутуунун натыйжалары контекстинде долбоорлоо» темасында доцент А.Аттокурова, «Магистрдик диссертацияны даярдоо инструкциясы» темасында доцент Г.Исмаилов баяндама окуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Аягында иш-чаранын резолюциясы кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть