18:45 26 апреля 2021

Россиядагы жаштардын Евразиялык экономикалык форумуна ОшТУнун өкүлдөрү катышып келишти

20-21-апрель күндөрү Екатеринбург шаарында өткөн «Россия жана Дүйнөнүн региондору: Идеяларды камтыган мүмкүнчүлүктөрдүн экономикасы» аттуу XI Евразиялык экономикалык жаштардын форумуна Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катарында Ош технологиялык университетинен сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров жана эксперттер — экономика жана башкаруу факультетинин деканы, ф-м.и.к., профессор Азамат Артыков, «Экономика жана финансы» кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Марат Зикираев, ОшТУнун координатору, э.и.к., доцент Жамила Усанова жана э.и.к., доцент Гүлназ Маметова, э.и.к., доцент Сайбиддин Умаров катышып келишти.

Форумдун ачылыш аземине жана пленардык сессиясына ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Форумдун алкагында тематикалык конгресстер, илимий сынактар, россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы адистердин ачык лекциялары өткөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Урал мамлекеттик экономикалык университетинин жетекчилигинин кабыл алуусунда болуп, эл аралык мамилелер бөлүмү менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть