
Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров Урмат, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, ф-м.и.к., профессор Азамат Артыков, «Экономика жана финансы» кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Марат Зикираев, ОшТУнун координатору, э.и.к., доцент Жамила Усанова жана э.и.к., доцент Гүлназ Маметова, э.и.к., доцент Сайбиддин Умаров Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетине атайын иш сапары менен барып келишти.
Иш-сапардын жүрүшүндө эл аралык байланыштар жана окуу иштери боюнча проректору менен жолугушуп, аталган окуу жай менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү.
Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.