17:29 27 апреля 2021

ОшМУда профессор Сатканбай Момуналиевдин 70 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече өттү

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Сатканбай Момуналиевдин 70 жаш мааракесине арналган «Сыймыктуу бир өмүр» аттуу адабий-музыкалык кече өттү.

Кечеге ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын баяндамачысы Байыш Төлөнов, акын-жазуучу Зинакан Пасаңова, акын Турабай Жороев, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, жазуучу-сценарист Жыргалбек Сулайманов, агайдын өмүрлүк жары, жакын санаалаш достору, факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Мааракеге катышкан коноктор Сатканбай Момуналиевдин өмүрү, чыгармачылыгы, адамдык сапаттары, окумуштуу катары илимдеги ийгиликтери тууралуу айтышты.

«Сыймыктуу бир өмүр» аттуу адабий-музыкалык кечеде окутуучулар, студенттер көркөм окушуп, обондуу ыр ырдашты. Кече №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын окутуучулар жамааты тарабынан уюштурулду.

Улуу педагог, акын, мыкты устат Сатканбай Момуналиев 1951-жылы 28-апрелде Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районунунда туулган. Агартуу тармагында 54 жылдан бери үзүрлүү иштеген болсо, анын 41 жылын ОшМУда эмгектенди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть