12:31 26 апреля 2021

ОшМУда жаш окумуштуулардын илимий баяндамалары талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде Магистратура жана PhD докторантура департаменти тарабынан 1-2-курста билим алып жаткан магистранттарга арналган «Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Конференциянын пленардык отурумунда 4 баяндама окулуп, талкууланды. Анда кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин магистранты Аким кызы Айлира ««Манас» үчилтигиндеги эмгек темасынын тарбиялык маңызы», чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранты Тынчтыкбек Досмуратов «Кытайлык кыргыздардын жазуусунун калыптанышы жана өнүгүшү» деген темада баяндама жасады. Ал эми педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин магистранты Талант Кочкоров «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга болгон зордук-зомбулуктун психологиялык негизи», эл аралык медицина факультетинин магистранты Назгул Маматкулова «Кыргыз Республикасы менен Индиядагы COVID-19 эпидемиясынын салыштырма мүнөздөмөсү» деген темаларда баяндама окушту.

Жалпысынан магистранттардын 179 баяндамасы угулуп, талкууланды. Эң мыкты баяндама жасаган магистранттар сертификаттар, 1-2-3-орундарды ээлеген магистранттар дипломдор менен сыйланышты.

Жыл сайын уюштурулуп келе жаткан конференция магистранттарды илимге тартуу, илимий изилдөөлөрүнөн алынган материалдары, натыйжалары тууралуу ой бөлүштүрүү, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларын калыптандыруу максатын көздөйт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть