21:16 26 апреля 2021

ОГПИде Китеп күнү белгиленди

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн утурлай Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун китепканасында атайын иш-чара болуп өттү.

Жыл сайын салтка айланып белгиленген бул саамалык окуу жайдын китепкана кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, мында гуманитардык факультеттин студенттери өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу фактылар, кызыктуу маалыматтар жана ырлар айтылып, акыркы учурларда китеп дүйнөсүнөн алыстап бараткан жаштарды кайрадан китеп окууга үндөө максатында сунуштар айтылды.

Окуу жайдын колледжинин китепкана башчысы Карамат Каралаеванын айтымында, бул сыяктуу иш-чаралар ар дайым уюштурулуп турат. Бул менен гана чектелбей, шаардык, облустук китепканалар, китеп дүкөндөрү менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп турушат. Окуу жай жетекчилиги студенттер муктаж болгон китептер менен камсыздап, жыл сайын китепканага жаңы китептер алынарын кошумчалады. Мындан сырткары, студенттердин сурамжылоосуна ылайык, атайын китеп жарманкеси уюштурулуп, китептер сатыкка чыгаарын да айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу кечеге активдүү катышкан жана китеп окурмандарына өз белектерин тапшырып, билимге умтулган жаштарга, китеп сүйүүчүлөргө ар дайым эшик ачык экенин баса белгилеп кетти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть