9:50 27 апреля 2021

ОшТУда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттери ортосунда спорттун тогуз коргоол, шахмат түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Аталган иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, спорттук мелдешке факультеттин балдар жана кыздар курама командасы катышты.

Шахмат боюнча:

  • 1-орун — Топчубаев Максатали Абдулвохобович ЗЧС-18 тайпасы
  • 2- орун —Садыбакасова Гулумкан Аскаралиевна ТШИ-18 тайпасы
  • 3-орун — Шамшиев Сыймык ЗЧС-19 тайпасы

Тогуз коргол боюнча:

  • 1-орун — Закиров Майсал Курсаналиевич ГСПМ-18 тайпасы
  • 2-орун — Жаркынов Рамазан Абдиламатович ГСПМ-19 тайпасы
  • 3-орун — Мамазакиров Кабылбек Камчыбекович ГСПМ-19 тайпасы

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть