16:51 27 апреля 2021

ОшТУда «Жаш дизайнер» сынагы өттү

Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Жеңил өнөр жайынын технологиясы» кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган кийимдердин коллекциялары көрсөтүлүп, «Жаш дизайнер» аттуу сынак уюштурулду.

Аталган сынак кийимдин коллекциясын жана өз идеясын иштеп чыгууда дизайнер-студенттердин практикалык жөндөмдүүлүгүн өздөштүрүү, сүрөт, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык иштерин өркүндөтүү максатында өткөрүлдү.

Катышуучулар өздүк чыгармачылык иштерин 4 номинация боюнча көрсөтүштү:

«Этно-микс» — ар башка өлкө элдеринин кийимдеринин мотивдеринин негизинде жаратылган жана улуттук кийимдин заманбап интерпретациялоо коллекциялары;

«Шаардык стиль» — шаар үчүн кийимдеринин, автордук «пред-апорте», кече кийимдеринин коллекциялары;

«Авангард» стилиндеги кийим — дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалды кийим аркылуу көрсөтүү;

«Романтикалык стиль» — романтикалык стилдеги көйнөктөрдүн коллекциясын жаратуу.

Калыстар тобуна ОшМУнун доценти Тешебаев Умид , ОшТУнун окутуучусу Ормокеева Асел, КӨЭУнун окутуучусу Үмүт кызы Бегимай, И.Арабаев атындагы КМУнун Ош аймактык институтунун окутуучусу Абдылдаев Дамир кирди.

Жеңүүчүлөр:

Байш байге — «Фуксилендия» коллекциясы Айтбаева А., ДО-19 тайпасынын студенти, жетекчиси окутуучу Мейманова А.;

«Этно-микс» номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом — «Кыргыз курактары» Дуйшеева А., Эргешалы к. Н. ИКТ-17 тайпасынын студенттери, жетекчиси Арзиев М., Молдошова А.

II даражадагы диплом - «Акмаанай» Мамбетали к Н., Абибилла к А. ДО-17 тайпасынын студенттери, жетекчиси Мейманова А.

III даражадагы диплом -«Кыз узатуу» коллекциясы Ноорузбай к Н. ИКТ-18 тайпасынын студенти, жетекчиси Бакирова Н.

«Авангард» номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом – «Ак нөшөр» Жоробекова А., Акматжан к М. ДО-19 тайпасынын студенттери, жетекчиси Мейманова А.

II даражадагы диплом — «Inspiration» Нусуратиллаева Э. ИКТ-18 тайпасынын студенти, жетекчиси Кубакова А.

III даражадагы диплом — «Umbrella» Муратова А. ИКТ-18 тайпасынын студенти, жетекчиси Кубакова А.

«Шаардык стиль» номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом — «Тарантулы» коллекциясы Жолчубек к К. ДО-19 тайпасынын студенти, жетекчиси Оморов Ж.

II даражадагы диплом — «Жаз деми» коллекциясы Жолдошбай к Ж. ИКТ-18 тайпасынын, жетекчиси Кубакова А.

III даражадагы диплом — «Goddess» коллекциясы Жолдошбай к. Ж., Таалайбек к Ж., Муратова А. ИКТ-18 тайпасынын студенттери, жетекчиси Сыдыкова Ж.

«Романтикалык стиль» номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом — «Грация» коллекциясы Олжобай к. А. ИКТ-17 тайпасынын студенти, жетекчиси Бакирова Н.А.

II даражадагы диплом — «Морская волна» коллекциясы Акимова М. Эргешалы к. Н. ИКТ-17 тайпасынын, жетекчиси Мейманова А.

III даражадагы диплом — «Морской блеск» коллекциясы Талгат к. Д., Камалова М., Макеева А., Мамбетали к. Н. ДО-17 тайпасынын студенттери, жетечиси Абдыкалыкова Н.

«Мыкты модель» номинациясы менен ИКТ-18 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Жасмина сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть