9:45 28 апреля 2021

Саясий репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүн казып алуу иштеринин башында турган Болот Абдрахманов ЫМУда болду

Автор: ЫМУ

2021-жылдын 27-апрелинде саясий репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жаткан жери тууралуу алгачкы маалыматты алып, аларды казып алуу иштеринин башында турган тарых илиминин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Абдрахманов Болот Жумашевич К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине келип, студенттерге репрессия жөнүндө кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1938-жылдардагы сталиндик куугунтукка алынгандардын сөөктөрүн алып чыгаруу жана кайра жерге берүү иштери боюнча, ошондой эле атасынан угуп, кийин ачыкка чыгарган Бүбүйра Кыдыралиева тууралуу «Ата-Бейит» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң Болот Жумашевич сталиндик репрессияны изилдөө, жалган жалаа менен куугунтукталгандарды актоо иштери тууралуу сөз кылып, куугунтукка учураган 20 миң жарандын тизмесин камтыган «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» (1920-1953-жж.) аталышындагы 10 томдук китеби менен тааныштырды.

Суроо-жооп сессиясында окутуучу жана студенттер кызыккан суроолорун берип, жоопторун ала алышты.

Иш-чаранын соңунда ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич Болот Жумашевичке Кыргызстандын тарыхына кошкон зор салымы жана ошондой эле ЫМУга келип, студенттерге кеңири баяндама жасап бергендиги үчүн ЫМУнун жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть