16:21 28 апреля 2021

КМУда «Үмүт, камкордук жана жоопкерчилик: миф жана чындык» темасында онлайн конференция өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде 23-апрелде «Үмүт, камкордук жана жоопкерчилик: миф жана чындык» темасында онлайн форматта тегерек стол уюштурулду.

Иш-чаранын максаты:

  • Студенттерге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси менен белгиленген жоопкерчилик жөнүндө маалымат берүү;
  • Мажбурлап никеге туруу максатында адамды уурдоонун кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү;
  • Студенттердин арасында зордук-зомбулук көрүнүштөрүнөн сактануу жана алардын алдын алуу.

Иш-чарага факультеттин 1-4-курстарынын студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Жыйынтыгында тегерек стол студенттердин ар кандай суроолору, кызуу талкуусу жана сунуштары менен аяктады.

Тегерек столдун жыйынтыгында төмөндөгүдөй сунуштар айтылды:

  • Адам укугун коргоо боюнча лекциялардын серияларын атайын адистердин катышуусунда уюштуруу;
  • Кийинки иш-чараны студенттердин ата-энелеринин, жакындарынын катышуусу менен уюштуруу;
  • Тегерек столдогу маалыматтарды бөлүшүү жана жайылтуу.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть