17:06 28 апреля 2021

БМУда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдыгы белгиленди

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган «Казат Акматов — азыркы кыргыз прозасынын чебери» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө БМУнун ректору, профессор А.Мусаев, президенттин кеңешчиси М.Букуев, Жазуучулар союзунан М.Ааматов куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле жазуучунун өмүрү жана чыгармачылык жолу жөнүндө жакындан билген кесиптештеринин, Казат Акматовдун чыгармачылыгын изилдеген адистердин: окумуштуулардын, адабият таануучулардын, жаш изилдөөчүлөрдүн, профессорлордун жана окутуучулардын илимий баяндамалары угулду.

Конференциянын негизги максаты — заманбап кыргыз адабиятынын алдыңкы прозаиги Казат Акматовдун элесин эскерүү, анын адабий чыгармачылыгына терең урмат-сый көрсөтүү.

Баяндамачылар Казат Акматовдун чыгармачылыгынын ар түрдүүлүгүн жана ар тараптуулугун, анын Ата Мекендик адабияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымын жана анын кыргыз адабиятын жогорку деңгээлге көтөргөндүгүн белгилеп, анын романдары ар кандай образдардын жана каармандардын байлыгы менен айырмаланып тураарын белгилешти.

Казат Акматов сөздүн көркөм сүрөтчүсү гана болбостон, ири коомдук ишмер да болгон, СССР Жогорку Кеңешинин жана биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, өтө жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал өзүнүн чыгармаларында бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болгон өтө маанилүү суроолорду көтөргөн. Мисалы, аны кыргыздарды этнос катары сактоо, түрк элдеринин биримдигин маданий диалог деңгээлинде сактоо көйгөйлөрү тынчсыздандырган. Ал эми бүгүнкү конференция Казат Акматовдун бай мурасын түшүнүүнүн аянтчасы болуп калды.

Жыйынтыгында БМУнун студенттери тарабынан Казат Акматовдун «Мунабия», «Убакыт» жана «Күндү айланган жылдар» романдарынан үзүндүлөрдү аткарып, көркөм окуу жана чакан концерт менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть