16:33 29 апреля 2021

КМУ менен Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

Келишим беш жылга түзүлдү. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов менен Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Светлана Минюрова кол коюшту.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө арналган жолугушуу жакында эле Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде өттү. Жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен Россиянын агартуу министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко да катышты.

Министрлердин орун басарлары жана педагогикалык окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан эки тараптуу жолугушууда Россия менен Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар Россиянын аймагында биргелешкен орус-кыргыз мектептерин куруу, түзүү жана иштетүү шарттары тууралуу сөз кылышты.

Дмитрий Глушко Москва билим берүү жаатында Кыргызстан менен мыкты тажрыйба бөлүшүүгө даяр экендигин билдирип, «Чет өлкөдөгү орус мугалими» деп аталган биргелешкен долбоор боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө орус тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть