12:41 4 мая 2021

ЫМУда «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн семинар болуп өттү

Автор: ЫМУ

2021-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Кыргыз адабияты жана Манас таануу кафедрасы» тарабынан уюштурулган «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-семинар болуп өттү.

Семинарга К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Казак мамлекетинин Абай атындагы университети, Түркия мамлекетинин Фират университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Талас мамлекеттик университеттеринин илимпоз окумуштуулары, окутуучулары, докторанттары, аспиранттары жана магистранттары катышты. Иш-чараны К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ачып, семинардын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Аталган семинарда К.Карасаев атындагы БМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Болот Акматов «Жогорку окуу жайларда кыргыз адабиятын компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун жолдору жана проблемалары», Казак мамлекетинин Абай атындагы университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлбану Косымова Сейилбек кызы «Чечендик өнөрдү окутуу – замандын талабы», К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Абдыкалык Дунканаев «Кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы жалпы көйгөй-маселелер», Түркия мамлекетинин Фират университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Ержан Алкая «Түркиядагы кыргыз тилин окутуу», «Көркөм текстти иликтөө маселелери», Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков «Көркөм тексти иликтөө маселелери», Түркия мамлекетинин Фират университетинин магистрантты Тугба Гөкбайыр «Кыргыз тилинде тил жана сөз тууралуу макал-лакаптар» жана докторант Мехмет Гөкбайырла «Түркияда кыргыз тили жөнүндө жазылган эмгектер» аттуу илимий баяндамаларын жасашты.

Илимий-практикалык семинарда актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле семинарга катышкан окумуштуулар Болотбек Акматов, Гүлбану Косымова Сейилбек кызы, Турусбек Маразыков жана Абдыкалык Дунканаев семинарда каралган меселелер эң мыкты саамалыктын башталышы экендигин айтышып, илимий-семинарды уюштурган филология илимдеринин кандидаты, доцент Назира Жумашовага ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да тереңдетип эл аралык деңгээлде ЖОЖдордун ортосунда өткөрүү керектигин сунуштап өтүштү.

Иш-чаранын соңунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев семинарга катышып, баяндама жасаган окумуштуу профессорлорго терең ыраазычылыгын билдирип, ф.и.д. Ержан Алкая, ф.и.д. Косымова Гүлбану Сейилбек кызы, п.и.д. Болот Акматов, ф.и.д. Турусбек Маразыков жана ф.и.д. Абдыкалык Дунканаев ыраазычылык кат, ал эми магистрант Тугба Гөкбайыр жана докторант Мехмет Гөкбайырга сертификаттар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть