9:43 3 мая 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде бизнес-инкубатор ачылды

Автор: ЫМУ

2021-жылдын 30-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде студенттердин бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун колдоо максатында түзүлгөн бизнес-инкубатордун ачылышы болуп өттү.

Иш-чараны ЫМУнун ректору А.Иманбаев ачып, өз сөзүндө Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) ыраазычылыгын билдирип, студенттерди активдүү болууга, долбоорлордун үстүндө иштөөгө жана өнүгүүгө чакырды.

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директору Ж.Жумабаев катышуучуларды Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, Кыргызстандын ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлорду киргизүү долбоору тууралуу маалымат берди. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын окутуучулары И.Бутенко жана О.Шевелева бизнес-инкубатордун иш пландары менен бөлүшүшсө, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси И.Иманакунова студенттердин университетте ишке ашырылып жаткан долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле «Startup Kyrgyzstan - 2021» сынагынын жеңүүчүсү А.Асанбекова, «О» уюлдук операторунун өкүлү Э.Бекдаиров, Каракол шаарындагы Ишкерлерди колдоо борборунун бизнес консультанты Ы.Рыспеков Кыргызстандагы жана региондогу стартаптарды ишке ашыруу боюнча презентацияларды жасашты.

Иш-чаранын алкагында көргөзмө-жарманке өткөрүлүп, анда студенттер техника, дизайн жана көркөм өнөр жаатында жасаган иштери менен тааныштырышты.

Мындан тышкары, биотехнология жана айыл чарба жаатындагы акыркы технологияларды колдонуу менен илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп жаткан университеттин илимий лабораторияларына экскурсиялар уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть