15:52 3 мая 2021

ОшМУнун дарыгерлери Баткенде эвакуациялан ганжарандарга медициналык жардам көрсөтүштү

ОшМУнун медицина факультетинин дарыгерлери, ординарторлору, студенттери кыгыз-тажик чек арасындагы кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдарга 1-2-май күндөрү медициналык жардам көрсөтүштү. Алардын катарында ОшМУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн «Дени сак эл» бирикмесинин мүчөлөрү да бар.

Дарыгерлер өзгөчө жаш балдарды, бала эмизген, кош бойлуу энелерди, өнөкөт оорулары бар тургундарды медициналык кароодон өткөрүп, кеңеш берип, зарыл дары-дармектер менен камсыздады.

«Ыктыярчы дарыгердерди ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Абдижапар Аккулов демилгечи болуп алып барды. Биз тургундарды медициналык кароодон өткөрүп, тез жугуучу оорулар тууралуу да түшүндүрүү иштерин алып бардык», - деди ОшМУнун медицина факультетинин деканынын орун басары, үй-бүлөлүк дарыгер Гүлбара Ташиева.

ОшМУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан демилгеленип түзүлгөн «Дени сак эл» бирикмеси ыктыярчы катары иш алып барат. Анда тармактардагы адис дарыгерлер алыскы аймактардагы элди аралап, ден соолугун акысыз текшерип, кеп-кеңештерди беришет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть