15:49 3 мая 2021

КМТУнун студенттери Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата «Ачык асман алдындагы ачык сабак» өткөрүштү

Кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан бекитилген программанын негизинде И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын жалпы жамааты жана 1-курсунун студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, «Ачык асман алдындагы ачык сабак» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты өсүп келе жаткан жаш муундарга Касым Тыныстанов жана аны менен бирге жүргөн, өз мезгилинен кыйла алдыга озгон, улуту үчүн чын жүрөктөн күйгөн замандаштары жана алардын элине жасаган баа жеткис эмгектери тууралуу эскерүү болуп саналат.

Студенттер менен окутуучулар «Ата-Бейиттеги» оңой эмес тагдырларга кабылган, өмүрү, каны, жаны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланган Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү тууралуу маалымат алып, Касым Тыныстанов менен катарлаш жаткан баатырларга куран окуп кайтышты.

Ачык сабакка жалпысынан 180 студент катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть