11:44 4 мая 2021

ОшТУнун студенттери Баткендеги куралдуу кагылышууда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алуу багына алып барып келишти

Ош технологиялык университетинин «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын жамааты Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу максатында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алуу багына алып барып, ойнотуу менен бирге балдардын физикалык жана психикалык ден соолугуна пайдалуу иштерди аткарып келишти.

Баткен облусундагы талкаланган, өрттөлгөн турак үйлөрдү, мектептерди иретке келтирүү үчүн университеттин «Жашоо-тиричилик коопсуздугу» кафедрасы курулуш отрядын түздү. Учурда 60ка жакын студент катталып, бийлик өкүлдөрүнүн уруксатын күтүп жатышат. Окуу жай Баткен элине көмөктөшүүгө даяр. ОшТУ Баткен эли менен бирге.

Окуу жайдын ыктыярчы студенттери, «Ыктыярчы ОшТУ» тобу Баткен элине жардам берүү максатында гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн каражат чогултуп баштады.

Байланыш телефону: +996 771 010 398 Топчубаев Максатали

Элкарт: 9417 3389 5823 7689 Кудуретилла уулу Асан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть