17:07 4 мая 2021

ОшМПУнун гуманитардык факультетинин окуучулары ортосунда өткөн «Санарип сабак» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде март айында адистиктер боюнча окутуучулар ортосунда «Санарип сабак» аттуу сынак жарыяланган.

Аталган сынакка факультеттен 10дон ашуун мугалим катышып, анын жыйынтыктоочу этабы 4-майда болуп өттү.

Билим берүүнүн мазмуну улам өзгөрүп жаткандыктан, учурдагы окутуучулардын алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап окутуунун технологияларын жана методикаларын алып чыгуу үчүн уюштурулган сынак 3 этап менен жүргүзүлдү.

Ар бир конкурсант программага ылайык, ырааттуулугу 60 мүнөттөн ашпаган 3 лекциялык жана 3 семинардык, практикалык сабактардын өздүк Ютуб-канадарына жүктөп, шилтемелерин беришкен.

Даярдалган материалдарды кабылдап, текшерип жыйынтык чыгаруу үчүн атайын эксперттик комиссия түзүлүп, алар алгач сынакка катышуучулардын арызы, резюмеси жана портфолиосу менен таанышып чыгып, сынактын жеңүүчүсүн аныкташты.

Жыйынтыгында 3-орунду Тарых кафедрасынын окутуучусу Ажимаматова Үмүтай ээлеп, электрондук печка менен сыйланды.

2-орунга «Англис тили жана аны окутуунун усулу» кафедрасынын окутуучусу Наргүл Бекмуратова ээ болуп, сыналгы белекке алды.

Ал эми баш байгени аталган кафедранын улук окутуучусу Элиза Рахманова багындырып, муздаткыч менен сыйланды.

Окутуучулардын технологиялык компетенциясын жогорулатуу жана креативдүүлүктү ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жаткан бул саамалык окутуучулардын сабак өтүүгө болгон кызыгуусун арттырып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жол ачты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть