14:56 6 мая 2021

ЫМУда «Казат Акматов — улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү» аттуу илимий коференция уюштурулду

Автор: ЫМУ

2021-жылдын 6-майында Чолпон-Ата шаарында кыргыз эл жазуучусу, драматург, публицист, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, «Кыргызстан» демократиялык кыймылынын тең төрагасы Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине жана Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Эгемен Кыргызстандын жарчысы» аттуу көргөзмөнүн ачылышы жана «Казат Акматов — улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү» аттууу илимий коференция болуп өттү.

Иш-чарага Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскарбек Иманбаев, тарбиялык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Бакыт Атыгаев жана Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучулары катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө ЫМУнун Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучулары жазуучунун жашоосун, чыгармачылыгын жана ишмердүүлүгүн чагылдырган илимий баяндамаларын окушту: факультеттин деканы, ф.и.д. А.К.Койлубаева «Казат Акматов жана мамлекеттик тил маселеси», ф.и.д., профессор А.Э.Абдыкеримова «Адабияттын ак жарыгы же жылдар күндү айланганда», т.и.к., доцент А.Каниметов «Казат Акматов — демократиялык кыймылдын баштоочусу», ф.и.к., доцент Н.А.Жумашева «Мезгил сынынан өткөн «»Мезгил»», ф.и.к., доцент Ч.Толубаева «Казат Акматовдун кыргыз адабиятына кошкон салымы», акын, жазуучу, котормочу, аспирант Ибрагим Хан Түрк «Кыргыз-түрк жалпы котормолор», «К.Акматовдун чыгармаларынын жалпы котормолору» темаларында баяндамаларын окуп, өз пикирлери менен бөлүштү.

Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть