16:36 6 мая 2021

Акын Идирис Айтибаев ОшТУнун студенттери менен жолугушту

Ош технологиялык университетинде учурдагы коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштарды жакшы билим алып, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга үндөө максатында экономика жана башкаруу факультети тарабынан демилгеленип, окуу жайдын студенттерине семинар өткөрүлдү.

Жолугушууга республикага аты таанылган белгилүү акын Идирис Айтибаев катышып, студенттерге тарбиялык маанидеги ар кандай маалыматтарды айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин суроолоруна жооп берип, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү.

Университеттин жетекчилиги бул багыттагы жолугушуулар, тарбиялык иш-чаралар мындан кийин да улантыларын белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть