Ыйык орозо айында Ош технологиялык университетинде орозо кармаган окутуучуларга, кызматкерлерге окуу жайдын администрациясы ооз ачар уюштурду.
Окуу жайда дасторкон жайылып, коронавирус пандемиясына чейин жана пандемия учурунда каза болгон агай-эжекелер эскерилип, муну менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан көз жумган маркумдардын рухтарына багыштап куран окулуп, мамлекеттин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элдин амандыгы үчүн дуба кылынды.
Өткөндөрдү эскерүү иш-чарасына университеттин 300дөй кызматкер катышты.