14:57 7 мая 2021

КМУнун студенттери Улуу Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине белек тартуулашты

КМУнун жаштар иштери боюнча кызматынын кызматкерлери жана студенттери «Ыйык- Ата» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен бирге 9-май — Улуу Жеңиш майрамын утурлай Бишкекте жашаган айрым Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, өздөрүнүн чакан белектерин тапшырышты.

Ардагерлерге ыраазычылык билдирүү үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун бухгалтериясы атайын чакан суммадагы акча каражатын бөлүп берди. Бөлүнгөн акчага ардагерлерге белек-бечкектер алынды.

Өлкөбүзгө жаркын жашоо орноткон аталар окуу жайга ыраазычылык билдирип, кызматкерлер менен студенттерге ак баталарын берип, алкыш айтып узатышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть