15:13 7 мая 2021

КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунда австриялык жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн-окуусу уюштурулду

И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун Австрия китепканасында австриялык жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн-автордук окуусу болуп өттү.

Иш-чара Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Австрия элчилигинин колдоосу менен ишке ашты.

Онлайн-автордук окууга Австрия элчилигинин өкүлү Жания Умбетова, Манас таануу жана лингвиститка институтунун немис тили кафедрасынын мугалимдери жана студенттери, немис тилин экинчи чет тили катары окуган англис тили бөлүмүнүн студенттери, андан сырткары, башка ЖОЖдордун (БААУ, БМУ, КУУ) немис тили мугалимдери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө автор өзүнүн Gegenstimme («Каршы добуш») аттуу 2021-жылы жарык көргөн алгачкы романын окуп, жазылыш тарыхына жана кыскача мазмунуна токтолду. Катышуучулар авторго кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть