11:33 10 мая 2021

Кадамжайдагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди

Автор: А.Ниязова

Кадамжай районуна караштуу №11 «Исфайрам» орто мектебинде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектепте «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» деген темада бурч жасалып, класстар аралык дубал гезиттер сынагы уюштурулду. Класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү.

«Мен чоң атам менен сыймыктанам» деген темада окуучулар чоң аталары боюнча сүрөттөрдү, маалыматтарды жыйнашты. Жаш акындар арасында «Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына таазим» деген темада көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть