11:33 10 мая 2021

ОшТУда студент кыздарга тарбиялык саат өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде «Кыздарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук жана ар бир кыз өз укугун билүүсү керек!» деген темада семинар уюштурулду.

Иш-чара технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы Абдыкалыкова Назгул жана кыздар кеңешинин төрайымы Бегалиева Жаңылай тарабынан уюштурулуп, ага «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын окутуучусу Темирбаева Санакан, «Жашоо-тиричилик коопсуздугу» кафедрасынын окутуучусу Сыдыкбаева Кичаим, факультеттин методисти Тешебаева Майрамкан, Ош шаардык ички иштер бөлүмү боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмчөсүнүн улук инспектору, милициянын лейтенанты Жунусали кызы Наргиз, милициянын старшинасы Калмуратов Кутманбек, милициянын сержанты Бакиров Саматбек жана окуу жайдын студенттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аялзатынын укугу, коомдогу орду боюнча маселелер, сунуштар, пикирлер айтылып, талкуу болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть