20:28 10 мая 2021

ОшМПУда «Мыкты улук окутуучу» жана «Мыкты окутуучу» аталышындагы сынак жүрүп жатат

ОшМПУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында «Мыкты улук окутуучу» жана «Мыкты окутуучу» аталышындагы сынак жүрүп жатат.

Бул сынакка окуу жайдагы бардык доценттер, улук окутуучулар жана окутуучулар катышып, жобого ылайык, учурда 2-туру болуп жатат.

Ош мамлекеттик-педагогикалык университетинин билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлүп жаткан сынак жакында мыкты окутуучуларды аныктайт.

Сынактын жүрүшүндө алгач окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүндөгү факультеттердин, колледждердин усулдук комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, 2-этабы университет боюнча комиссия тарабынан өткөрүлүүдө. Мында катышуучулардын 2019-2020-окуу жылындагы жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылындагы иштердин жыйынтыгы каралат.

Аталган сынак университеттин «Сапат» бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жетекчиликтин колдоосу менен активдүү катышкан жана байгелүү орундарды багынткан катышуучуларга ноутбук, планшет, телефон жана башка баалуу белектер каралган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть