18:51 14 мая 2021

ОшТУда бизнес-инкубатор ачылды

Ош технологиялык университетинде бизнес-инкубатордун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземге ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Мурзабек Сагыналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Динара Молдошева, Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев, Genesis Bionics долбоорунун автору, Startup Kyrgyzstan-2020 сынагынын жеңүүчүсү Адилет Токтогулов, «Бай Түшүм» ААКтын директору Мирбек Курманбаев, тренерлер жана кеңешчилер альянсынын өкүлү, Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү, TAO KG интернет-дүкөнүнүн ээси Камбарбек Адишов, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети ОшТУнун профессордук-окуутучулук курамы жана студенттери катышты.

Бизнес-инкубатор студенттердин, магистранттардын, жаш илимпоздордун жана окутуучулардын жаңы баштаган бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун андан ары жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн түзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчилиги студенттердин инновациялык идеяларын ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирип, «Инновациялык менеджменттин негиздери» курсунун катышуучуларына сертификат тапшырды.

Стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурулуп, окуу курсуна кабыл алуу ушул жылдын 17-майынан баштап, сентябрь айына чейин уланып, октябрь айынан окуу курсу башталат. Окууну бизнес-инкубатордо атайын билими бар тренерлер окутушат. Бизнес-инкубатордо окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес план, бизнес долбоорун түзүп «Стартап Кыргызстан» сынагына катышып, ар бир долбоор үчүн 200 000 сомдон 500 000 сомго чейин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть