13:07 17 мая 2021

ИИМ Академиясында ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлери эскерилди

15-май — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнүнө карата ИИМ Академиясында митинг-реквием болуп өттү.

«Даңк» мемориалына гүлчамбарларды койгон соң, курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окутулду.

Андан кийин ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Т.Абитов курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. «Биздин эр-азаматтарыбыздын эрдиктери эч качан унутулбайт. Кызмат учурунда курман болгон кесиптештерибиз жана курсанттарыбыз өсүп келе жаткан муунга өзгөчө үлгү болуп турат», - деди ал. Кийинки муун алардын жасаган эрдиктеринен сабак алып, Ата Мекенге берилүү жана ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөрүнө ишенерин билдирди.

Андан тышкары ИИМ Академиясынын кызматкерлери курман болгон курсанттардын жакындарына көңүл айтуу менен материалдык жардам көрсөтүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть