13:07 17 мая 2021

Өзгөн институтунда ата-энелердин жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуу жылдын жыйынтыгын чыгаруусуна арналган ата-энелердин жыйынтыктоочу конференциясы болуп, институттун администрациясы жасалып жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер туурасында отчетун угузду.

Мурдагы конференция 2020-жылдын октябрь айында онлайн форматында болгон болсо, бул жолу офлайн болду.

Конференцияга тайпалардын ата-энелеринин жыйыны тарабынан сунуш кылынган 102 делегат катышып, окуу процессине жаңы табылгаларды киргизүү, окуу планынын тандоо бөлүгүнө информатика сабактарына жана чет тилдерге (орус, англис тилдерине) көбүрөөк сааттарды берүү жөнүндө сунуш пикирлерин калтырышты.

Ата-энелер окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Ата-энелер комитетинин курамы кошумчалоолор менен кайрадан бекитилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть