13:34 17 мая 2021

КМКТАУда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган «Эч ким, эч качан унутулбайт!» деген аталыштагы студенттердин илимий-практикалык конференция өттү

2021-жылдын 7-майында Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы тарабынан Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган «Эч ким, эч качан унутулбайт!» деген аталыштагы студенттердин илимий-практикалык конференциясы (онлайн) болуп өттү.

Конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзүн илимий иштер боюнча проректор Маданбеков Нуржан Жоломанович, окумуштуулар кеңешинин катчысы Раджапова Нааркүл Абдрахмановна, Архитектура жана дизайн институтунун директору Халмурзаева Гаухар Баймурзаевна айтышты.

Баяндамалар менен төмөндөгү студенттер катышты:

- Исакулов Ратбек (ПЗ-1-18 т.с.) «316-чы панфиловчулар дивизиясынын баатырдыгы жана эрдиги»;

- Мавзудаирова Тансулуу, Исабек кызы Самара (ПМ-1-19т.с.) «Ч.Түлөбердиевдин баатырдык эрдиги»;

- Абдылдаева Клара (Арх-3-19 т.с.) «Согуш наны»;

-Талантбекова Наргиза (ХПК-2-19 т.с.) «Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы Кыргыз Республикасындагы темир жол транспорту»;

- Акылбеков Нуржигит, Бекболот кызы Наргиза (ИСТ-2-19 т.с.) «Учкуч-баатырлар (И.Таранчиев. Т.Бегелдинов)»;

- Болотова Надира (ИСТ-1-19 т.с.) «Ооруктагы күжүрмөн эмгек».

Конференциянын жүрүшүндө согуш жана жеңиш темасы арналган ырлар да көркөм окулду:

  • Уланбеков М. ДАС-1-18 т.с. - «Алакан»
  • Бакытбек у. У. ПИ-1-17 т.с. - «Жоокерлер»
  • Толонов Н. АС-1-17 т.с. - «Баатырлар»
  • Субанбеков Ж. ВР-1-19 т.с. - «Наалат согуш»
  • Токтогонова А Д-1-19 т.с. - «Эненин ыйы»
  • Женишбекова А. Д-1-19 т.с. - «Жеңиш ыры»
  • Таштанова Ж. Д-1-19 т.с. - «Согуш».

Конференция «ФСГИ» кафедрасынын башчысы, доц. Абылкасымова Гүлназ Абазовнанын: «Биздин муундун милдети — ата-бабаларыбыздын эрдигинин элесин сактоо. Ал эми бүгүнкү конференцияда биз Улуу Ата Мекендик согуштун негизги орчундуу темаларын кароого аракет кылдык. Өзгөчө көңүлдү Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги кыргызстандыктардын ролу, анын ичинен согуш жылдарындагы кыргыз элинин баатырдык иштери жана ооруктагы эмгек эрдиктери тууралуу да кеңири маалыматтарды алдыңыздар. Активдүү катышканыңыз үчүн рахмат, сиздерге ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм», - деген сөзү менен соңуна чыкты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть