13:56 17 мая 2021

КМУ менен Япон тараптын кызматташтыгы улана бермекчи

11- майда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттеги Япон таануу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ецухаши Мичинори жана институттун директору Айбек Самаровду кабыл алды.

Жолугушууда аталган институттун быйылкы окуу жылынын аякташы жана алдыдагы жаңы окуу жылына болгон иш пландары боюнча ой бөлүшүштү.

Япон тараптын өкүлү Ецухаши Мичинори аталган институттун ишин дагы да күчтөнтүүгө, студенттердин, окутуучулардын санын арбытууга кызыктар экендигин,

Япония өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайлар менен И.Арабаев атындагы КМУнун ортосундагы алака-кызматташтыкты бекемдөөнү уланта берерин баса белгиледи.

Ошондой эле КМУнун ректору Т.Абдырахманов дагы институттун негиздөөчүсүнө ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташуунун улана беришине тилектеш экенин айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть