16:42 18 мая 2021

ИИМ Академиясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Республикада өспүрүмдөр арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн (мектеп окуучуларынын арасындагы массалык мушташтар, суицид, жол эрежелерин сактабоо), ошондой эле мектептерде билим алуу онлайн режимине өткөндүгүнө байланыштуу окуучулардын өз ара мамилелеринде кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктарына байланыштуу ИИМдин Академиясы шефтикке алган мектептер менен кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын №72 мектеп-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучуларына «Кылмыш-жаза жана кылмыштардын алдын алуу» кафедрасынын доценти, милициянын подполковниги Б.Жеңишов, «Жарандык-укуктук сабактар» кафедрасынын профессору, милициянын подполковниги Л.Момуналиева жана Автодаярдык борборунун улук инспектору, милициянын улук лейтенанты Т.Мадалиев лекциялырды окуп, анда ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги боюнча, социалдык тармактарды пайдалануу менен жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары жана аларды кантип коргоо керектиги жөнүндө, ошондой эле коомдук жайларда, көчөлөрдө коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу кенен айтып беришти.

Андан тышкары, жолдо жүрүү эрежелери боюнча атайын видеокөрсөтмөлөр менен сабак өтүлдү.

ИИМ Академиясынын «Коомдук-саясий сабактар» кафедрасынын начальниги, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Ч.Кадырова Ысык-Ата району боюнча кесиптик багыт берүү ишмердүүлүгүнүн алкагында акыркы убакта коомдо резонанас жараткан Айзада Канатбекованын кайгылуу өлүмүнө байланыштуу, бир катар орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына «Ала качуу — салтпы же кылмышпы?» темасында, ошондой эле «Интернет сайттары аркылуу жаштарды манипуляциялоо жана интернетке көз карандылыктын заяны» атуу лекцияларды окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть