16:47 18 мая 2021

ОшМПУнун күнүнө карата ректордун «Билим кубогу» ойнотулду

18-май — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин күнүнө карата ректордун «Билим кубогу-2021» интеллектуалдык оюнунун 2-айлампасы болуп өттү.

Таймашта окуу жайдын факультеттеринен тандалып чыккан 6 студент ат салышып, өз билимдерин сынашты.

Оюндун жүрүшү 3 этаптан туруп, ар бир турда 2ден оюнчу оюндан четтетилип, финалда табият таануу жана география факультетинин студенти Шамырбеков Мухаммед жана гуманитардык факультеттин студенти Буниса Советбек кызы кызуу атааңдаштык жаратышты.

Таймаштын суроолору күнүмдүк сабакта колдонулган маалыматтардын катарын толуктап жана өзгөчө ой жүгүртүүнү талап кылуу менен билимдүүлөрдүн дарамети жогорку деңгээлде сыналды.

Жыйынтыгында 3-орунду математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Батырбек кызы Жылдызкан, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин студенти Шамырбеков Мухаммед ээледи. Ал эми баш байгени гуманитардык факультеттин студенти Буниса Советбек кызы багындырып, ректордун «Билим кубогунун» ээси аталды.

Интеллектуалдык оюн жаштарды билим алууга, улам жаңы маалыматтарга ээ болууга үндөө максатында жана логиканы өстүрүүгө багытталып, окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тарабынан демилгеленип, СТУД.kg гезитинин редактору Бектурали Исамидин уулу жана Жаштар комитети менен биргеликте биринчи ирет уюштурулду.

Алдыда бул таймаш дагы уланып, жыл сайын ректордун кубогуна татыктуулар ат салышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть