16:57 18 мая 2021

ОшМПУнун окутуучулары менен кызматкрелери спорттук мелдеште ат салышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана административдик чарба кызматкерлери ортосунда спорттун шахмат, тогуз коргоол жана волейбол түрлөрү боюнча мелдеш өттү.

Мелдеш президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгына ылайык 18-май — университеттин күнүнө карата жалпы эмгек жамааттын ынтымагын, ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана окуу жайдын спорттук курама командаларын бекемдөө максатында ректорат, профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Спорттук иш-чаранын ачылуу аземине ректор Бекмурза Зулуев катышып, мелдештин жогорку атандашуу менен өтүшүнө тилектештигин билдирип, факультеттердин намысын коргоого чыгып жаткан спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Ошондой эле ректор жалпы байге фонду үчүн 60 миң сом акча каражаты бөлүнгөнүн эскертип, жеңүүчүлөр менен бирге мелдешке уюштуруу жагынан активдүү катышкан факультеттер, таймаш учурунда кызыктуу оюн көрсөткөн спортчулар, улуу муундагы катышуучулар өзгөчө эске алынарын баса белгиледи.

Мелдештин бардык турлөрүнө жалпы 5 факультеттен, колледжден жана администрациядан командалар катышып, учурда таймаш кызуу жүрдү. Оюн 14-15-май күндөрү болуп, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар май айынын соңунда болуучу жыл жыйынтыктоо кечесинде атайын белектер, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть