14:42 19 мая 2021

КМКТАУда «Улут сыймыгы — К.Тыныстанов» аталышында онлайн иш-чара өткөрүлдү

2021-жылдын 17-майында Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз жазма адабиятына негиз салгандардын бири, коомдук жана саясий ишмер, алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата «Улут сыймыгы — К.Тыныстанов» деген аталышта онлайн иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада К.Тыныстановдун өмүр таржымалы, ар тараптуу эмгектери, жасаган иштери жөнүндө кеңири маалыматтар берилди:

  • «К.Тыныстанов — тил илиминин негиздөөчүсү, окумуштуу» (баяндаган: улук окутуучу Сартбай кызы Гүлзат)
  • «К.Тыныстанов — кыргыз жазма адабиятына негиз салган чыгармачыл инсан, акын, жазуучу, драматург, котормочу» (баяндаган: улук окутуучу Молдалиева Н.А.)
  • «К.Тыныстанов — коомдук жана мамлекеттик ишмер» (баяндаган: улук окутуучу Бариева А.Ж.)

Иш-чаранын жыйынтыгында К.Тыныстановду эскерүү менен бирге студенттер тарабынан акындын ырларынан да көркөм окулду.

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть