12:48 22 мая 2021

Германияда эмгектенген ОшМУнун бүтүрүүчүсү Нургазы Сулайманов студенттер менен баарлашты

Учурда Германияда эмгектенип жаткан колдонмо математика боюнча илимдин доктору, ОшМУнун бүтүрүүчүсү Сулайманов Нургазы «Big data аналитикасы жана анын колдонулуштары» деген темада студенттерге конок лекция окуду.

Онлайн лекцияга катышкан ректор Кудайберди Кожобеков: «Биздин сыймыктуу бүтүрүүчүбүз, Германияда IT-тармагында иштеп, жалпы кыргыз элин, анын ичинде ОшМУну даңазалап жүрөт. Университеттин мыкты кадр даярдап жаткандыгы алардын кайсыл жерге барып, кантип иштеп жаткандыгы менен далилденип келет. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанып келебиз», - деди.

Конок лекция «Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн» кафедрасынын башчысы Бектур Азимов жана факультеттеги эл аралык байланыштар боюнча жооптуу Гүлмира Шамшиева тарабынан демилгеленип, уюштурулду.

Сулайманов Нургазы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика адистигин 2003-жылы бүтүрүгөн. Ал докторлук ишинде Биоквант институтунда прикладдык математика жана биоинформатика жаатында, математикалык моделдөө, гепатит С вирусу боюнча иштеген. Докторлук ишин ийгиликтүү коргогондон кийин Фрайбург университетинде жана Дармштадт техникалык университетинде постдоктор, улук илимий кызматкер болуп эмгектенген.

Калифорниянын Силикон өрөөнүндө жайгашкан америкалык FICO компаниясынын Германиялык кеңсесинде алдамчылыкка жана акчаны адалдоого каршы программаларды иштеп чыгуучу алдыңкы адистердин бири болуп саналат.

Нургазы Сулайманов дүйнөнү багындырып, сыймыктануу сезимин ойготкон 11 уникалдуу кыргызстандыктардын катарына кирген. Бул тууралуу кененирээк: https://limon.kg/ru/news:73689

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть