13:23 22 мая 2021

БМУда «Нарктуу таалим-тарбия, үй-бүлө жана сапаттуу билим — инсанды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негиздери» аттуу илимий-практикалык конференция өттү

2021-жылдын 20-майында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Нарктуу таалим-тарбия, үй-бүлө жана сапаттуу билим — инсанды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негиздери» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Илимий-практикалык конференциянын негизги максаты — президенттин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын талкуулоо менен анын багытын, маани-мазмунун калктын калың катмарына жайылтуу жана ар бир жаранга жеткирүү.

Конференцияда жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга чейин окуучу жаштарды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо боюнча Концепциясын бекитүү жөнүндө» буйругуна ылайык, БМУнун көрүнүктүү окумуштуулары тарабынан даярдалган «»Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө Концепциянын зарылдыгы», «Саясат, бийлик жана адеп-ахлактуулук: Чыгыш ойчулдарынын көз караштарында», Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» дастанындагы жаштарга адеп-ахлактык жактан тарбия берүү маселесинин чагылдырылышы», «Улуттук элитанын нравалык калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү Кыргызстандын тарыхый инсандарынын ролу» жана «Кыргызстан жаштарынын салттуу жана заманбап баалуулуктары: карама-каршылыктар, алдыдагы максаттар» жана башка темалардагы баяндамалар жасалды.

Баяндамаларда жарлыкта белгиленген инсанды руханий-нравалык, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан өнүктүрүүдө кандай принциптерге таянуу менен аракеттер көрүлө тургандыгы кеңири чагылдырылып, конференциянын катышуучулары тарабынан кызуу талкууланды.

Ошондой эле БМУнун студенттери да жарлыкты талкуулоого активдүү катышып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жыйынтыгында бир катар талкуулардан кийин көтөрүлгөн маселе боюнча резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть