2021-жылдын 20-майынан баштап Ош технологиялык университети институционалдык жана адистештирилген 3 багыт (640200 — Электроэнергетика жана электротехника, 580100 — Экономика, жана 740700 — Жеңил өнөр-жайынын технологиясы) боюнча Казакстандын эл аралык көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинен аккредитациядан өтүп жатат.
Эксперттик комиссия ОшТУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүп, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, студенттер жана социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү өткөрүүдө.