19:46 24 мая 2021

Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата тарыхчы мугалимдер арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

21-май күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ч.Айтматов атындагы чоң залында Э.Маанаев атындагы тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультети жана «Евразийцы — новая волна» фонду менен биргеликте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата тарыхчы мугалимдери арасында өткөн республикалык видеосабактар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, И.Арабаев атындагы КМУнун жаштар жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Аниса Бөрүбаева катышты.

Сынактын женүүчүлөрү:

  • I-орун — Сталбекова Элиза Сталбековна, Бишкек шаарындагы Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими;
  • II-орун — Капар кызы Айпери, Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Туз орто мектеби;
  • III-орун — Кыдыралиева Чолпон Маданбековна, Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдыбар №3 орто мектеби;
  • IV орун — Кабылбекова Назира Шаршенбаевна, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейинин мугалими.

Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар менен Мирсайдуллаева Фотима Абдуллажановна, Айзат Артылбековна, Трубачёва Галина Николаевна, Каттобеков Калмурат Абдылдаевич сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть