19:48 24 мая 2021

Президенттин жарлыгы менен ОшМПУда эл аралык конференция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунун окумуштууларынын эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференция президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгына ылайык, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын уюштуруусунда өткөрүлдү.

Макалалар «Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене бой жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери» деген теманын негизинде даярдалып, жалпы 200дөн ашуун макала келип түшкөн.

Иш-чаранын расмий бөлүгү окуу жайдын жыйындар залында ачылып, университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскар Иманбаев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Явуз Эржан Гул жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

«Мугалим» журналынын редакциясы тарабынан Кыргызстандын интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн конференцияга катышкан Гапыр Мадаминовго жана ОшМПУнун ректору Б.Зулуевге, окутуучулар С.Мадраимов, И.Даминова, Ж.Шербаевага атайын төш белгилер тапшырылды жана бир канча окутуучулар ардак грамота менен сыйланышты.

Аталган конференцияга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, окумуштуу Акматали Алимбеков, КРнын эмгек сиңирген мугалими, «Энелер мектебинин» түзүүчүсү Гапыр Мадаминов, КУУнун профессору, «Мугалим» журналынын негиздөөчүсү Рахат Сулайманова жана онлайн форматта Казакстандын Н.Назарбаев атындагы университеттин профессору Дүйшөн Шаматов баштаган бир топ педагогдор катышып, пленардык жыйында баяндама жасашты.

Андан соң жобонун негизинде баяндамачылар 6 секцияга бөлүнүп, мында Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Бишкек шаарларынын ЖОЖдорунун илим изилдеген 150дөн ашык окутуучулары өз макалаларын коргошту.

Жыйынытыгында пленардык жыйында окулган баяндама ээлерине жана секциялык отурумда макалаларын мыкты коргогон окутуучулар уюштуруу тобу тарабынан атайын сертификаттарга ээ болушту.

Аталган конференция жарлыкка ылайык, өлкө боюнча биринчи болуп Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эл аралык деңгээлде өткөрүлдү. Ошондой эле окуу жайдан катышып, илимий макала жазган окутуучулардын макалалар топтому журнал болуп чыгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть