Кадамжай шаарындагы Бабажан Айтматов атындагы гимназия мектебинде кырдаалга байланыштуу акыркы конгуроо майрамына арналган салтанаттуу линейка онлайн форматта өткөрүлдү.
Онлайн иш-чарага 9-11-класстардын окуучулары катышты. Аларды Эл аралык маалыматтык технологиялар университетинин ректору Улугбек Бегалиев, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Кубанычбек уулу Нурсултан, ата-энелер, мугалимдер жамааты куттукташты.