17:04 26 мая 2021

ИИМ Академиясында «Эгемендүүлүк – демократиялуу өлкөнүн негизги баалуулугу: тарыхий 30 жыл» аттуу конференция өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын «Коомдук-саясий сабактар» кафедрасы тарабынан «Эгемендүүлүк – демократиялуу өлкөнүн негизги баалуулугу: тарыхий 30 жыл» аттуу жогорку окуу жайлардын арасында студенттик конференциясы онлайн форматында өткөрүлдү.

Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана ИИМ Академиясынын курсанттары катышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын 30 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана кемчиликтери, өнүгүү этаптары, көз карандысыздык алгандан бери болуп өткөн орчундуу окуялары жана жыйынтыктары, эгемендүү Кыргызстандагы билим берүү тармагынын өзгөрүшү жана Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндамаларды окушуп, кызуу талкууга алышты.

Иш-чаранын аягында конференциянын жыйынтыгы чыгарылып, сунуштар кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть