19:06 28 мая 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору Жүзөкан Осмонованын 90 жылдыгы белгиленди

2021-жылдын 26-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде филология илимдеринин доктору, профессор Жүзөкан Осмонованын 90 жылдык маарекесине арналган «Тилди изилдеп, илим кенин каздыңыз, 90 жаштын туу чокусун аштыңыз» аттуу юбилейлик онлайн конференция өттү.

Маңыздуу өмүр сүрүү бул — жеке керт башың үчүн эмес, коом үчүн, келечек үчүн кызмат кылуу. Андыктан 70 жылдан ашуун убакыт жаш муундарга таалим-тарбия эле бербестен, илимде салмактуу өз орду бар профессор Ж.Осмонова жеке эле окуу жайдын кадыр-баркы, сыймыгы гана эмес, өлкөнүн да сыймыгы экенин конференциянын катышуучулары — филология илимдеринин доктору, профессор А.Иманов, академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиев, профессор Кадыралы Коңкобаев ж.б. айтып өтүштү.

Иш чаранын соңунда катышуучулар конференциянын уюштуруучуларына жана ЫМУнун ректору Аскар Иманбаевге ыраазычылык билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть