13:35 28 мая 2021

ОшМУ менен Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин ректорлору кызматташуу келишимине кол коюшту

ОшМУ менен Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин ректорлору кызматташуу келишимине кол коюшту.

Онлайн жолугушууда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, окутуучулардын жумушчу сапарларын, студенттердин арасында академиялык мобилдүүлүк, белгилүү дарыгерлердин, окутуучулардын конок лекцияларын, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын уюштуруу, ошондой эле илимий, маданий жана социалдык чөйрөдө кызматташуу багытында келишимге кол коюлду.

Келишимдин алкагында эки окуу жай ортосунда окуу-методикалык багыттагы илимий конференция уюштурулду. Конференцияда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин окутуучулары 12 баяндамасы менен чыгышса, Воронеж мамлекеттик медициналык университетинен 8 баяндама окулуп талкууланды.

Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик университети Россиядагы медицина багытында алдыңкы билим берүүчү окуу жайлардын бири болуп саналат. Учурда университетте 6 факультет жана 4 билим берүү институту бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть