15:28 27 мая 2021

ОшМУда студенттер аскердик даярдык боюнча күч сынашты

ОшМУда колледждер арасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө арналган мелдеш уюштурулду.

Мелдешке окуу жайдагы STEM инновациялык, Финансы-юридикалык, Эл аралык билим берүү программалары жана Теология колледждеринин командалары катышты. Катышуучулар аскердик саламдашуу, саптык элементтерди аткаруу, салтанаттык жүрүш менен өтүү, ыр менен өтүү, АК-74 куралын чачуу жана чогултуу, команданын атын коргоо сынактарында мелдешти.

Жыйынтыгында Финансы-юридикалык жана STEM инновациялык колледждеринин командалары 1-орунду ээлешти. Ал эми 2-орунга Эл аралык билим берүү программалары жана Теология колледждеринин командалары татыктуу болду.

Мелдешти аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу, подполковник Жуманазар Самидинов демилгелеп, өткөрдү. Максаты — КР Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттерин даңазалоо, студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майында Советтик Армиянын республика аймагына жайгаштырылган бөлүктөрү анын карамагына өткөндө түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть