15:26 2 июня 2021

ОшМУда эмгектенген кызматкерлердин балдары акысыз медициналык кароодон өтүп жатат

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ОшМУнун медициналык клинкасында «Дени сак ата-эне, дени сак бала» деген аталыштагы жумалык башталды.

1-июндан 5-июнга чейин уланган жумалыктын алкагында ОшМУнун бардык структураларында эмгектенген кызматкерлердин 14 жашка чейинки балдары акысыз медициналык кароодон өтөт.

«Учурда балдар невропотологу, балдар урологу, балдар гинекологу, терапевт, офтальмолог, кардиолог, кулак-мурун оорулары боюнча дарыгерлер балдарды көрүп, кеңештерин берүүдө. Зарылдыкка жараша балдар ультрадобуштуу изилдөөлөрдөн, флюорографиядан, электрокардиограмма аппараттарынан текшерүүдөн өтүп, жалпы анализдери да алынууда. Бул биздин окуу жайда эмгектенген кызматкерлер үчүн дем, шык берет деп ишенебиз», - дейт ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгүл Иметова.

Мындан сырткары, жеткинчектердин майрамына карата окуу жайда атайын майрамдык салтанат дагы уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть