15:28 4 июня 2021

ЫМУда руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиянын баалуулуктары боюнча республикалык илимий-практикалык конференция өттү

2021-жылдын 2-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын негизинде «Азыркы коомдо руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиянын баалуулуктары» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияны К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.д., профессор К.Зиялиев ачып, Министрлер кабинетинин Ысык-Көл областтык өкүлчүлүгүнөн жана Каракол шаардык мэриясынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Конференциянын пленардык жыйынында педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор А.Мамытов, Н.Мааткеримов., К.Добаев, Р.Токсонбаев, Т.Сияев жана С.Сакиева баяндамалары менен катышты.

Конференция азыркы коомдо руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиялоонун баалуулуктарын өнүктүрүүнүн, жолдорун, руханий маданий жактан калыптандырууга жана жайылтуу маселелерин, билим берүү системасында жана илимде жаңылоонун жолдорун натыйжаларын заманбап маданий тенденциялардын көз карашынан талдоого алуу максатын көздөдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть