15:07 4 июня 2021

ОшТУда бүтүрүүчүлөр менен коштошуу аземи өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин бакалавр багытынын бүтүрүүчүлөрүнө сый-урмат көрсөтүлүп, «Акыркы конгуроо-2021» аземи уюштурулду.

Аземге факультеттин жетекчилиги, окутуучулар, студенттер, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр активдүү катышты. Салтанаттуу аземди ачып берип жатып Жорокулов Дуйшеналы Абдимаматович бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, өзүнүн кайрылуусун жасады.

Ошондой эле факультеттин алдыңкы студенттери ОшТУнун ардак грамотасы менен сыйланышты.

Салтанатта бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мыкты бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть