14:55 4 июня 2021

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ОшМУда болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУдагы санариптештирүү, автоматташтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Ал окуу жайдын алдында ачылган алдыңкы тажрыйба борбору, билим берүү менен өндүрүш айкалышкан Индустриалдык-педагогикалык колледжинин иш-тажрыйбасына көрүп чыкты. Колледжде жайгашкан эмгек сиңирген артист, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейинде болуп, эскерүү китепчечсине кол жазма калтырды.

Бакашова университеттин электрондук китепканасында болуп, учурда өлкөдөгү алдыңкы программалардын бири «ИРБИС 64+» программасынын алкагында жасалып жаткан иштерди көрдү. Бул программа республикадагы эки ЖОЖдо, анын ичинде ОшМУда иштеп жатканы чоң жетишкендик экендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жылдыз Бакашова ОшМУда өткөн «Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү» диалогуна катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть